Эртең, 15-июнда республиканын көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн +15…+20, күндүз +28…+33,
Талас облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +25…+30,
Жалал-Абад, Ош Баткен облустарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +31…+36,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +22…+27,
Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +30…+32 градус болот.