Эртең, 15-мартта өлкөнүн көпчүлүк аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +4…+9;
Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +3…+8;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +6…+11;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +5…+10;
Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +3…+8;
Бишкек түнкүсүн +2…+4, күндүз +7…+9 градус болот.