Эртең, 15-ноябрда тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жаан, кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Кээ бир жерлерге туман түшөт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -2 +3, күндүз +5…+10;
Талас облусунда түнкүсүн -4… +1, күндүз +3…+8,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0… +5, күндүз +9….+14,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4…+1, күндүз +5…+10,
Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз +2…+7,
Бишкек шаарында түнкүсүн 0…+2, күндүз +7…+9 жылуу.