• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

15 жашар кызды 1 ай сексуалдык кулчулукта кармашкан

27 Баш оона 202412:21 Бишкек Govori.TV

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева укук коргоо органдарынын жетекчилерин Ош шаарында зомбулукка кабылган 15 жашар кыздын укугун коргоп, кечиктирилгис чараларды көрсөтүүгө чакырды.

Маалым болгондой, Акыйкатчыга бир айдан бери сексуалдык кулчулукта кармалып келген 15 жашар кыздын өкүлү кайрылган.

Кыздын жактоочусу Жахангир Сайфуллаев, «Кызды ар кандай шылтоо менен ур-токмокко алып, эркектердин көзүнчө жылаңачтап видеого тартып, кашын кырып, башка бирөөгө айтса өлтүрүп койобуз деп коркутуп, кармап келишкен. Жогорудагы жасагандарынын баарын видеого тартып алып, интернетке таркатып жиберишкен. Ошону менен катары эле, алар жаш кызды бир ай бою ар кандай эркектерге интимдик кызмат көрсөтүүгө мажбурлашкан. Өздөрү жаш кыздын кызматы үчүн кардарларынан акча алып турушкан», — деп билдирген.

Акыйкатчы тез аранын ичинде укук коргоо органдарынан адам сатуунун курмандыктарынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык чараларды көрүүнү талап кылат.

“Жашы жете элек жаш балдарды сатуу менен алектенгендерге карата мыйзам чегинде баардык чаралар колдонулушу керек. Мындай ачыктан-ачык кылмышка тиешеси барлардын баары табылып, өз жазаларын алышы керек”, — деди Акыйкатчы.

Акыйкатчынын Ош облусундагы өкүлү жабырлануучуга зарыл болгон укуктук жардамдарын көрсөтүүдө. Кызга узак мөөнөттүү реабилитация талап кылынат.

Белгиленгендей, кыз өз өмүрү коркунучта экенин айтып, аны сабап, коркуткандардын баары азыр да эркиндикте жүргөндүктөн, Акыйкатчыдан жардам сурап кайрылган.

Количество просмотров: 161