Борбордук шайлоо комиссиясынын автоматтык эсептөө системасындагы маалыматтарга ылайык, саат 16:00гө карата 771 767 шайлоочу добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 18,66% түзөт.
Кыргызстанда шайлоочулардын шайлоого катышуусу жылдан-жылга азайып келатат. Ошол эле маалда өлкөдөгү жалпы шайлоочулардын саны көбөйгөн. Акыркы эсепте Кыргызстандагы шайлоочулардын жалпы саны 4 135 039 деп эсептелген.
Өлкөдө жергиликтүү кеңештерге шайлоодо добуш берүү саат 8.00дө башталды, кечки саат 20.00дө жыйынтыкталат. Боршайкомдун маалыматына караганда, республика боюнча жалпысынан 2 миң 437 добушкана ачылды.