• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Акыйкатчылык Алга Кылычов менен Аскат Жетигенден кабар алды

16 Теке 202616:33 Бишкек Govori.TV

Акыйкатчы институтунун Кыйноолорду алдын алуу жана укук коргоо борборунун адистери 14-июлда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №27 мекемесине мониторинг жүргүзүп, укуктары бузулуп жатканын айткан саясатчы Алга Кылычов менен акын Аскат Жетигендин абалын көрүп чыгышты. Бул тууралуу мекеме 16-июлда билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Алга Кылычов мекеменин кызматкери анын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирилгендигине даттанды. Анын айтымында, мындай аракеттер системалуу мүнөзгө ээ жана колониянын бир нече кызматкерлери башка соттолгондорго да моралдык-психологиялык кысым көрсөтүп турушат.

Алга Кылычов кан басымы кескин көтөрүлгөнүнө карабастан жазалоочу изоляторго киргизилген. Акыйкатчынын өкүлдөрү ал кармалган камераны карап, темир керебеттин бузук абалда экендиги аныкташты. Институттун кызматкерлеринин эскертүүсүнөн кийин абак жетекчилиги керебетти дароо оңдоп берди.

Маалыматта айтылгандай, Кылычов 15-июлда изолятордон кадимки камерага которулду.

Аскат Жетиген да мекеменинин кызматкерлери жана жетекчилери соттолуучуларга адамгерчиликсиз жана ар-намысты кемсинткен мамиле жасап жатканына даттанды. Ал ошондой эле акыркы учурда буту ооруп, чуркай албай жатканын билдирген. Анын айтымында, бул көйгөй менен ал мекеменин медициналык бөлүмүнө кайрылган.

Алга Кылычов менен Аскат Жетиген Акыйкатчы (Омбудсмен) Жамила Жаманбаеванын атына арыз менен кайрылып, айтылган маалыматтар боюнча текшерүү жүргүзүүгө жана №27 мекеменин кызматкерлерин жоопкерчиликке тартууга көмөк көрсөтүүнү суранышты. Материалдар Башкы прокуратурага жөнөтүлдү.

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери соттолуучулардын тамактануусу менен да таанышып, мекеменин медпунктун текшеришти. Кыйноолорду алдын алуу борборунун кызматкерлери мекеменин жетекчилиги менен соттолуучулардын укуктарын так сактоо, кемсинтүүгө, ырайымсыз мамилеге жана кыйноого жол бербөө зарылдыгын эскертти.

Количество просмотров: 14