• Шаршемби 3 Кулжа 2026
  • Среда 3 Июнь 2026

16-мартка карата аба ырайы

15 Жалган куран 2023 14:30 Бишкек Govori.TV

Эртең, 16-мартта Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +7…+12,

Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +7…+12,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +13…+18,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…+1, күндүз +7…+12,

Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +3…+8.

Бишкек түнкүсүн +4…+6, күндүз +8…+10 градус болот.

Количество просмотров: 160