• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

16-январда күтүлгөн аба ырайы

15 Үчтүн айы 2024 15:34 Бишкек Govori.TV

16-январда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз -4…+1

Талас жергесинде түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 3…8

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5

Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5

Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Жолдор тайгак болот. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7°, күндүз -1…+1° болот.

Количество просмотров: 933