17-апрелде Баткендин көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 19…24;
Таласта түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18;
Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18;
Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 4…6°, күндүз 21…23° болот.