Эртең, 17-июлда өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Түштүк-батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 16…21, күндүз 33…38;
Таласта түнкүсүн 11…16, күндүз 30…35;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 34…39;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31;
Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 28…33 градус болот.
Бишкекте түнкүсүн 19…21, күндүз 36…38 градус болот.