17-ноябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолордо кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир жерлеринде жаан, кар, тоолордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7;
Талас жергесинде түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 6…11;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 1…6;
Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз 2…7;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -21…-26, күндүз -6…-11.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6, күндүз 4…6 градус болот.