Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 17-ноябрда Кыргызстанда жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23,
Талас жергесинде түнкүсүн -1…+4, күндүз 17…22,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13,
Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 5…10,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -16…-21, күндүз -1…-6 градус суук болот.
Бишкекте абанын температурасы түнкүсүн 4…6°, күндүз 21…23° жогору болот.