18-апрелде Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 3…8, күндүз 14…19;
Талас жергесинде түнкүсүн 2…7, күндүз 12…17;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 13…18;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 8…13;
Нарында түнкүсүн 1…6, күндүз 8…13;
Бишкекте абанын температурасы түнкүсүн 5…7°, күндүз 16…18° болот.