• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

18-июлдан 22-июлга чейин туруксуз аба-ырайына байланыштуу тоо этектеринде сел жүрүшү мүмкүн

16 Теке 202413:29 Бишкек Govori.TV

18-июлдан 22-июлга чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, өлкөнүң тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, тоолордон таш кулашы мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги селдин алдын алуу үчүн арыктарды тазалап, жээгин бекемдөөгө чакырат. Турак үй жайгашкан жерде жаан суулары агып өтүүгө ылайыкталган арык болушу керек. Ошондой эле үй же сарай салууда, эгин айдоодо сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерге жакын эмес жерге салууга маани бериш керек.

Количество просмотров: 173