• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

18-майда күтүлгөн аба ырайы

17 Бугу 2022 14:07 Бишкек Govori.TV

18-майда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтөт, бийик тоолордө кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтөт, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 24…29;

Талас жергесинде түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 12…17, күндүз 25…30;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 17…22;

Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23;

Бийик тоолордо түнкүсүн -4…+1, күндүз 3…8 градус.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт, кечке маал өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн . Абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз 27…29 градус болот.

Количество просмотров: 1033