18-майда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.
Абанын температурасы:
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 28…33,
Талас жергесинде түнкүсүн 6…11, күндүз 24…29,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 25…30,
Нарын облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 17…22,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -5…-10, күндүз 1…6°.
18-майда Бишкек шаарында жамгыр жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 10…12°, күндүзгү жогорку температурасы 28…30° болот.