• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

18-майга карата аба ырайы

17 Бугу 2023 15:02 Бишкек Govori.TV

18-майга караган түнү Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун айрым жерлеринде, жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 10…15, күндүз 18…23;

Таласта түнкүсүн 9…14, күндүз 18…23;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11…16, күндүз 20…25;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 8…13, күндүз 17…22;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…+2, күндүз 6…11 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 20…22 градус жылуу болот.

Количество просмотров: 244