Эртең, 18-сентябрда күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн 10…15, күндүз 18…23,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 14…19,
Нарын жергесинде түнкүсүн 2…7, күндүз 12…17,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 12…17,
Талас облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 11…16,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5,
Бишкек шаарында түнкүсүн 8…10, күндүз 17…19 градус болот.