Бишкек.19.02.18.Govori.TV
19-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Күндүз кар жаабайт. Кээ бир райондордо туман түшөт. Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…5;
Талас жергесинде түнкүсүн -11…-16, күндүз 1…6;
Баткен облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 5…10;
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3…-8, күндүз 4…9;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…+2;
Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -2…-7;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -29…-34, күндүз -10…-15;
19-февралда Бишкек шаарында түнкүсүн бир аз кар жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -9…-11° суук, күндүзгү жогорку температурасы 2…4° жылуу болот.
Мындан сырткары Кыргызгидромет чукул билдирүү таратат. Күтүлгөн жаан-чачынга байланыштуу Бишкек-Ош, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жана Каракол-Эңилчек жолдорунда кар көчкү түшөт жана жолдор тайгак болуп муз тоңот.