9-июлда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдайт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 18…23, күндүз 35…40;
Таласта түнкүсүн 13…18, күндүз 30…35;
Ош, Жалал-Абад, Баткенде түнкүсүн 20…25, күндүз 35…40;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32;
Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 31…36 градус болот.
Бишкекте 9-июлда жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 21…23, күндүз 38…40 градуска чейин ысыйт.
10 июлда дагы ушундай температура сакталат. 11 июлда кичине салкындайт.
Абанын температурасы 11 июлда, түнкүсүн 20…22, күндүз 36…38 градус күтүлөт.
8-10 июлдарда абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Бишкек.14.07.2018 Govori.TV Бүгүн 14-июлда Кыргызстанда тоолуу райондордо мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөп турат. Дыйканчылык аймактарда …