Эртең, 19-июлда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Түштүк-батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 32…37;
Таласта 11…16, күндүз 29…34;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 20…25, күндүз 33…38;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 24…29;
Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 26…31;
Бийик тоолордо түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15 градус.
Бишкекте түнкүсүн 19…21, күндүз 35…37 градус болот.