• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

19-майда күтүлгөн аба ырайы

18 Бугу 2022 13:22 Бишкек Govori.TV

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 19-майда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 21…26,

Талас жергесинде түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 13…18, күндүз 22…27,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 7…12, күндүз 15…20,

Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 16…21,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…+3, күндүз 7…12.

Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 14…16°, күндүзгү жогорку температурасы 24…26° болот.

Количество просмотров: 262