19-майда көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 15…20;
Талас жергесинде түнкүсүн 6…11, күндүз 14…19;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 11…16, күндүз 19…24;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 13…18;
Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 13…18;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн 4…9, күндүз 8…13 градус болот.
Бишкекте маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 16…18 градус болот.