• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

19-майда күтүлгөн аба ырайы

18 Бугу 2021 15:43 Бишкек Govori.TV

19-майда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолордо кар жаайт. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 27…32;

Талас жергесинде түнкүсүн 8…13, күндүз 26…31;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 13…18, күндүз 29…34;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23;

Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 19…24;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 29…31 градус болот.

Количество просмотров: 190