19-сентябрга караган түнү Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк бөлүгүндө, Талас облусунун айрым жерлеринде жамгыр жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк бөлүгүндө, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жамгыр жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн +8…+13 күндүз +17…+22
Талас облусунда түнкүсүн +2…+7 күндүз +15…+20
Баткенде түнкүсүн +8…+13 күндүз +19…+24
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +8…+13 күндүз +19…+24
Ысык-Көлдө түнкүсүн +5…+10 күндүз +13…+18
Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7 күндүз +15…+20
Бишкекте түнкүсүн +11…+13°, күндүз +20… +22 градус болот.