• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Өздөрүнө өрт коебуз дегендердин ичинен 2 аял премьер-министрге жолукканы кетти

15 Чын куран 2021 13:21 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 15-апрелде Аламүдүн районундагы Пригородный айыл өкмөтүнүн имаратынын ичине аялдардын тобу кирип, алган насыяларынан улам карыздары бар экенин, талаптары аткарылбаса, өздөрүнө өрт коюшарын айтып жатышат. Имараттын ичине бөтөлкөлөргө куюлган бензин, газ баллонун дагы алып киришкен.

Вице-премьер министр Улукбек Карымшаков өздөрүнө өрт коебуз деген аялдар менен сүйлөшүү жүргүздү. Натыйжада эки аял өкмөт башчы Марипов менен жолукканы кетти.

Ошондой эле милиция кызматкерлери короодон бир аялды чыгарышты. Аял киши бетин жаап, ким экенин айткан жок.

Количество просмотров: 123