• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чуңкурчакта тоонун боорунда өрт чыкты

14 Чын куран 202613:01 Бишкек Govori.TV

ӨКМдин маалыматы боюнча, Чүй облусунун Аламүдүн коктусундагы Чуңкурчак жайлоосу тарапта тоонун боорунда кургак чөп жана арчалардан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түштү.

Өрттү өчүрүүгө саат 12:11де Октябрь райондук №5 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, Аламүдүн райондук №1 өрт-куткаруу бөлүгүнөн авариялык куткаруу унаасы менен 5 куткаруучу жана ӨКМдин Чүй облустук башкармалыгынын башчысынын жетекчилигинде ыкчам топ (3 кызматкер) жөнөп кетти.

Кошумча саат 12:32де Сокулук райондук №23 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 5 куткаруучу, Токой кызматынан 10 кызматкер, жалпы 27 кызматкер тартылды. Кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 88