• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

2-апрелде күтүлгөн аба ырайы

1 Чын куран 2024 14:26 Бишкек Govori.TV

2-апрелде түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан жаайт, тоолуу аймактарда карга айланат. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндуз 14…19;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3…8, күндүз 17…22;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 8…13;

Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 10…15 градуска чейин жогорулайт.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5°, күндүз 17…19° жылуу болот.

Количество просмотров: 781