• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

2-январда аба ырайы кандай болот? Божомол

1 Үчтүн айы 202322:21 Бишкек Govori.TV

2-январда, күндүз Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Борбор калаада түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы күндүз 0…+2 болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Жолдор тайгак болот.

Абанын температурасы Чүйдө -3…+2, Таласта -1…+1, Нарын аймагында -8…-10, Ош, Жалал-Абадда +3…+5, Баткен облусунда +4…+6, ал эми Ысык-Көл өрөөнүндө 0…+5 градус болот.

Количество просмотров: 1923