Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо саат 20:00гө карата шайлоочулардын 27,83 %ы добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Тактап айтканда, катталган жалпы 4 млн 135 миң 39 шайлоочудан 1 млн 150 миң 931 жаран добуш берди. Анын ичинен шаардык кеңештерге 392 миң 844 жаран добуш берсе, ал эми айылдык кеңештерге шайлоого 758 миң 87 жаран катышкан.