• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

20-апрелден тарта карызы топтолгон абоненттердин газы өчөт

18 Чын куран 202411:54 Бишкек Govori.TV

«Бишкекгаз», «Чүйгаз», «Ошгаз» жана «Жалалабатгаз» кызматтары 20-апрелден тарта карызы топтолгон абоненттердин газын өчүрөт. Өчүрүү аралыктан электрондук клапандарды колдонуу менен жүргүзүлөт.

Газ кызматтары белгилегендей, абоненттер менен иштөөдө жылдын суук мезгилинде ишенимдүү газ менен камсыз кылуу зарылчылыгына ар дайым түшүнүү менен мамиле кылып, ошондуктан абоненттерге 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилинде жаратылыш газын берүү улантылган.

Мындан тышкары, төлөбөгөндөр газды тышкы жеткирүүчүнүн алдындагы келишимдик милдеттенмелерди өз убагында аткаруу зарылчылдыгынан улам керектелген жаратылыш газы үчүн акы төлөөнүн маанилүүлүгү жөнүндө бир нече жолу эскертилген.

Теги:
Количество просмотров: 110