Эртең, 20-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 17…22;
Талас жергесинде түнкүсүн 6…11, күндүз 17…22;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 12…17, күндүз 20…25;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 14…19;
Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 16…21;
Бишкекте түнкүсүн 11…13, күндүз 19…21 градус болот.