Кыргызгидромет билдиргендей, 20-мартта күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт. Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +12…+17,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +10…+15,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +17…+22,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +8…+13,
Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +4…+9.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, эртең күндүз бираз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8, күндүз +15…+17 градус жылуу болот.