• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

20-ноябрда күтүлгөн аба ырайы

19 Жетинин айы 202413:05 Бишкек Govori.TV

20-ноябрда түнкүсүн Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде жаан жаайт, тоолуу райондордо карга айланат. Күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондорунда карга айланат. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 2…7, күндүз 8…13

Таласта түнкүсүн 1…6, күндүз 7…12

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3…8, күндүз 10…15

Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10

Нарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 1…6

Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 5…7°, күндүз 11…13° жылуу болот.

Количество просмотров: 130