Эртең, 20-октябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 0…5, күндүз 14…19;
Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 9…14;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3…8, күндүз 14…19;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15;
Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11 градуска чейин жогорулайт.
Бишкек шаарында түнкүсүн 2…4°, күндүз 11…13° жылуу болот.