• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

2020-жылдагы ажылык сапарга баруу акысы бир адамга 3 миң 350 долларды түздү

26 Бирдин айы 2020 13:11 Бишкек Govori.TV

2020-жылдагы ажылык сапарга баруу акысы бир адамга 3 миң 350 долларды түздү. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.

Муфтияттан билдиришкендей, акчаны бүгүн, 26-февралдан тарта 17-мартка чейин (кошо эсептегенде) төлөөгө болот. Акча РСК Банкы аркылуу төлөнөт.

«2020-жылдагы ажылык сапарга баруу бир адамга 3 миң 350 доллар болуп эсептелди. 2019-2020-жылдары ажылык серверге катталып, 500 долларын төлөп, кезек күтүп, ажылык сапарына барууга мүмкүнчүлүк алган талапкерлер айтылган баадан калган 2 миң 850 долларды төлөйт», -деп билдиришти муфтияттан.

Дин башкармалыгынан белгилешкендей, Сауд Аравия Падышачылыгы виза, медициналык камсызданырууну акылуу кылып, Мина, Арафат жана Муздалифа өрөөндөрүндөгү кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын жогорулаткандыгынан улам ажылыктын наркы быйылкы жылы жогорулады.

Быйыл Сауд Араб Падышачылыгы Кыргызстанга 6 миң 110 квота бөлгөн.

Эскертүү: Баткен облусунун Баткен, Кызыл-Кыя шаары жана Кадамжай, Баткен райондору, Ош облусунун Араван, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Чоң-Алай райондору, Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаары, Сузак райондору жана Ош шаарынан ажылык сапарга катталган талапкерлер өздөрүнүн аймагындагы ажылыкка каттоочу операторлордон квота тийгенин же тийбегендигин тизмеден тактап алгандан кийин гана калган төлөмдү РСК банкына төлөөлөрү зарыл. Себеби, жогоруда көрсөтүлгөн аймактар өз квоталарынан ашып кеткендиктен улам кезекке туруп калгандар бар.

Количество просмотров: 300