Президент Садыр Жапаров 2020-жылдагы октябрь окуяларына быйыл 5 жыл толгонун утурлай, «Кабар» агенттигине кезектеги маегин куруп, ал учурдагы болгон окуяларга токтолгон.
Президент өлкөнү оор кырдаалда колго алган учур, андан кийинки өзгөрүүлөр жана бүгүнкү Кыргызстан тууралуу суроолорго жооп берген. Жапаров маек учурунда ал окуялар боюнча кийин мемуар жаза турганын билдирген.
«“Саясаттагы 10 жыл” аттуу китебимдин уландысын чыгарам. 2015-жылдан берки бүгүнкү күнгө чейинки окуялар, түрмөдөгү үч жарым жылдык жашоом камтылат. Ошол жерден көптөгөн кызыктуу, таң калычтуу окуяларга күбө болосуздар. Китеп “Бестселлер” болот.
Азырынча сиздин суроолоруңузга кыска-кыска эле жооп берип турайын. Албетте, ишти алып кетүү абдан эле оор болду. Өлкөдө башаламандык. Саясий күчтөр он чактыга бөлүнүп алышып, элди да бөлүп-жарышып ар кимиси өз көмөчүнө күл тарткандар. Анысы аз келгенсип сырткы күчтөрдүн басымы күч болуп турду. Ар кандай оюндар болуп, мени бир эле жолу эмес, үч жолу кайра-кайра кайталап премьер-министрликке бекитишти. Акыркы жолу 14-октябрь бекен, эсимде жок, үчүнчү жолу бекидим. Ошондон кийин премьер-министр катары толук кандуу иштей баштадым», дейт президент.