Президент Садыр Жапаров кесиптик жогорку билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана заманбап санариптик дистанттык окутуу формаларын киргизүүгө багытталган Жарлыкка кол койду.
Документке ылайык, 2026-2027-окуу жылынан баштап кесиптик жогорку окуу жайларына жана колледждерге сырттан окууга кабыл алуу чектелет. Мында адистерди даярдоого орто кесиптик билим берүүнүн базасында тездетилген программалар, ошондой эле дистанттык технологияларды колдонуу менен магистратура аркылуу гана жол берилет.
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине студенттерди аралыктан идентификациялоо элементтери менен аралыктан окутуунун заманбап системаларын колдонууну камсыздоо тапшырылды. Министрлер кабинети алты айдын ичинде өз чечимдерин жаңы жарлыкка ылайык келтириши керек.
Документ 10 күндөн кийин күчүнө кирет