21-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу жерлеринде кар жаайт. Күндүз дээрлик бардык аймактарда жаан-чачын болот. Батыш тараптан жел согуп турат, кээ бир райондордо ылдымдыгы секундасына 20 метрге жеткен шамал болот.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 4…9,
Талас жергесинде түнкүсүн 3…8, күндүз 3…8,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күндүз 7…12, күндүз 9…14,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 3…8, күндүз 9…14,
Нарын облусунда түнкүсун 0…5, күндүз 9…14,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -8…-13, күндүз -1…-6°.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Түнкүсүн 7…9, күндүз 7…9°.