• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

21-декабрда күтүлгөн аба ырайы

20 Бештин айы 202415:40 Бишкек Govori.TV

21-декабрда Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облусунда жаан-чачын болбойт. Айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…-7;

Талас жергесинде түнкүсүн -11…-16, күндүз -2…-7;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн -3…-8, күндүз -1…+4;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -6…-11, күндүз -4…+1;

Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -4…-9;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25, күндүз -7…-12 градус болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7°, күндүз -2…-4° болот.

Количество просмотров: 517