• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

21-февралдын аба ырайы

20 Бирдин айы 2024 13:24 Бишкек Govori.TV

Эртең, 21-февралда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Туман түшүп, жолдор тайгалак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…-5,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -12…-17, күндүз -2…-7,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -5…-10, күндүз -3…+2,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -3…+2,

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -4…-9.

Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы -9…-11, күндүз 0…-2 градус суук болот.

Количество просмотров: 1060