• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

21-мартка карата аба ырайы

20 Жалган куран 2024 14:54 Бишкек Govori.TV

21-мартта түнкүсүн Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт.

Күндүз көпчүлүк аймакта мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым аймактарда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +9…+14,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +10…+15,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +10…+15,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +8…+13,

Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +6…+11.

Бишкекте түнкүсүн +6…+8, күндүз +12…+14 градус жылуу болот.

Количество просмотров: 526