• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

21-ноябрга карата күтүлгөн аба ырайы жөнүндө маалымат

20 Жетинин айы 2018 14:46 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 20.11.2018.Govori.TV
21-ноябрда түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, күндүз Ысык-Көл облусунун чыгышында кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 4…9,
Талас жергесинде түнкүсүн -3…-8, күндүз 4…9,
Ош, Баткен, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 8…13,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2…-7, күндүз 4…9,
Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…5,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18…23, күндүз -6…-11 градус болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн бир аз кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын болбойт. Жолдорго муз тоңот. Түндө -1…-3, күндүз 6…8 градус болот.
Количество просмотров: 32