• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

21-ноябрда күтүлгөн аба ырайы

20 Жетинин айы 202414:07 Бишкек Govori.TV

21-ноябрга караган түнү Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, жаан жаайт, тоолуу райондорго кар түшүшү мүмкүн. Күндүз Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолорго кар түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +4…+9,

Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +3…+8,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +9…+14,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +3…+8,

Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…+5.

Бишкекте абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +6…+8 градус жылуу болот.

Количество просмотров: 447