• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

21-сентябрда күтүлгөн аба ырайы

20 Аяк оона 2023 14:19 Бишкек Govori.TV

21-сентябрда күндүзү Чүй, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 17…22;

Талас жергесинде түнкүсүн 3…8, күндүз 14…19;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 13…18;

Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5.

​Бишкекте эртең менен жана күндүз жаан-чачын жаабайт, кечке жуук жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11, күндүз 20…22 градус болот.

Количество просмотров: 232