• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

22-апрелде күтүлгөн аба ырайы

21 Чын куран 202615:38 Бишкек Govori.TV

22-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28

Таласта түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17, күндуз 23…28

Ысык-Көлдө түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20

Нарында түнкүсүн 1…6, күндүз 18…23

Бишкекте түнкүсүн 10…12°, күндүз 25…27° жылуу болот.

Количество просмотров: 131