Кыргызгидромет борборунун билдирүүсүнө ылайык, 22-апрелде түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Талас облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 19…24;
Талас жергесинде түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20;
Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20;
Бийик тоолордо түнкүсүн -2…-7, күндүз 1…6 градус.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11, күндүз 22…24 градус болот.