Эртең, 22-декабрда өлкөнүн айрым жерлеринде кар жаайт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз -4…+1;
Талас облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5;
Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз +2…+7;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…+5;
Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -4…-9;
Бишкек шаарында түнкүсүн -4…-6, күндүз 0…-2 градус болот.