• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

22-декабрга карата аба ырайы

21 Бештин айы 2023 14:31 Бишкек Govori.TV

Эртең, 22-декабрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метр, Чүй облусунда 15-20 метрге чейин жетет. Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз +5…+10,

Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +4…+9,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -4…+1, күндүз +7…+12,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +2…+7,

Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…+2.

Бишкекте түнкүсүн -2…-4, күндүз +8…+10 градус жылуу болот.

Количество просмотров: 249