22-ноябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан жаап, тоолуу райондоргө кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 6…11;
Талас жергесинде түнкүсүн -2…+3, күндүз 6…11;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 0…5, күндүз 8…13;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 5…10;
Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5 градуска чейин жогорулайт.
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -13…-18, күндүз -4…-9.
Бишкекте жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6°, күндүз 9…11 градус жогору болот.